Архив за месяц: Ноябрь 2015

Учкун айылынын бала кезинен бери устачылык менен алектенген тургуну

Учкун айылынын тургуну Чапай Оморов 20 жылдан бери жыгач устачылыгы менен алектенет. Ал өзүнүн устаканасын 10 жыл мурун куруп, дагы деле элге керектүү буюмдарды жазап келет. Ал келечекте устакананы чоңойтуп, балдарга үйрөтүү максатын да көздөйт.

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Учкун: Ош облусундагы жер титирөө айылда да байкалды.

  Нарын районуна караштуу Учкун айылында 17-ноябрда түнкү саат 23:29дарда жер титирөө байкалды. Жер титирөө оор кесепетин алып келген жок. Айрым үйлөрдө эле бир аз жаракалар пайда болду.

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Сүрөт: Учкун айылындагы биринчи кар

  Нарын районуна караштуу Учкун айылында кар 18-ноябрь күнү таңга маал жаап баштады. Бирок аба ырайына таянсак алдыңкы күндөрдө кардын жаашы күтүлбөйт.

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Учкундагы тигүү цехи кыз-келиндерди жумуш менен камсыздоодо

  Нарын районунун Учкун айылында «Дастан» тигүү цехинин ачылганына беш жыл болду. Учурда бул мекеме беш аялды жумуш менен камсыздайт.

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Ар күнүн кыргызча өткөргүсү келген америкалык ыктыярчы

Нарын районунун Учкун айылына Америкадан ыкытярчы келгенине бир жыл болду. «Мен кыргызча жашашым керек» деген Дениел Гроссо өзүнүн бир күндүк жашоосун айтып берди.

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Учкунда жаштар өздөрү демилгелеп улак тартыш уюштурууда

Кыргыздын улуттук оюндарынын бири улак тартыш оюну Учкунда 2-3 жылдан бери ойнолбой калган эле. Буга кайдыгер карабаган айылдык жаштар улак тартыш оюнун кайрадан жандандыра баштады.

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Учкун: “Мекеним Кыргызстан” сүрөт сынагында бүтүрүүчү класс башкы орунду алды

  Быйылкы окуу жылдын башталышында Токсобаев орто мектебине көрк берүү үчүн жана окуучулардын талантын ачуу максатында “Мекеним Кыргызстан” сүрөт сынагы уюштурулду. Сынак үчүн сүрөттөр мектептин короосундагы дубалга тартылды.

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий