Архив за месяц: Май 2016

Учкун: 1-июнь “Балдар” күнүнө карата бала бакчада майрамдык иш чара өттү

Учкун айылынын “Раушан” балдар бакчасында “Балдарды коргоо” күнүнө карата майрамдык иш чара өткөрүлдү. Бул иш чара быйыл жетинчи жылы өткөрүлүп, жалпы 75 бала жана ата-энелер катышкан. Айыл өкмөтү тарабынан болсо бекер бал муздак таратылды.

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Учкун: Китепкананын абалы тууралуу китепканачы эже менен болгон маек

Айыл тургундарынан алган сурамжылоодо элдер китепканадан китеп алып окубаганын, айылдык китепкананын абалы алардын купулуна толбой турганын билдиришкен. Ошондон улам биз айылдык китепкананын кызматкери Жунушбекова Гүлнара эже менен маек курдук.

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Сурамжылоо: Учкун айылдык китепканасынан акыркы жолу качан китеп алып окугансыз?

Биз Учкун айылдык китепканадан айыл тургундары качан китеп алып окугандыгына кызыгып сурамжылоо жүргүздук. Сиз акыркы жолу айылдык китепканадан качан китеп алып окугансыз? Китеп алып окуган болсо, китепкананын абалы жагабы? Эгер окубаса эмне себептен? деген суроолорго жооп алып көрдүк. Айыл тургундарынын … Читать далее

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн бурчтарынын көрүнүшү

  Учкун айылынын Э.Токсобаев орто мектебинин 11класстагы окуучулары  бири-биринен ашып, көптөгө бурчтарды ойлоп табышууда. Бүгүн  11б класс өздөрүнүн пенадан жазаган бурчун илишти. 11а класс келечектеги кыялдары жана кайсы кесиптин ээлери болгулары келгендиги туурасында сүрөттөрдү илишкен. Ал эми 11б класс «Мугалим … Читать далее

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Учкунда кичи футбол аянтчасы курулат

Учкун айылында 2016-жылы мектепке кичи футбол аянтчасы курулат. Бул кичи футболдук аянтчаны айылдагы депутаттар долбоор жазып, утуп алышкан. Азыркы учурда курууга камынып жаткан учурлары. Аталган аянтчаны  кышында долбоор жазышкан жана долбоору эми келип куруга камынып жаткан учуру. Бул турасында Кубанычбек … Читать далее

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Учкунда ачык эшиктер күнү болуп өттү

  Учкун айылынын Э.Токсобаев орто мектебинде райондук «Жыл мугалим» жана «Жаш мугалим» сынактары болуп өттү. Аталган ишчарага 8 мектептен 2ден мугалим келишти. Сынактын максаты: Таланттуу, чыгармачыл иштеген мугалимдерди аныктап чыгуу болгон.   Бул таймаш тууралуу мектеп директору төмөнкүлөрдү айтып өттү: … Читать далее

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Учкун: Быйылкы бүтүрүүчүлөр мектепке жаңы отургучтарды орнотту

Э.Токсобаев мектебинин отургучтары мектеп ишке берилгенден бери оңдоло элек.  Ошондуктан быйылкы бүтүрүүчүлөр  сынган, эскирген отургучтардын ордуна жаңы отургучтарды орнотушту. Отургучтарды орнотууга жалпы 8 миң сом каражат кеткен. Жаандын жаашы менен мектептин отургучтары суу болуп, отурууга мүмкүн эмес эле. Мына ушундай … Читать далее

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Учкундун “Айыл ажары” республикалык сынакка жолдомо алды

Учкунда өткөн  “Айыл ажары 2016”  өрөөндүк сынагында Бурулча Сынжыбекова жеңүүчү аталган.  Аталган сынактын райондук баскычына катышып Республикага жолдомо алган Бурулча менен маек курдук. Саламатсызбы. Алгач сынак тууралуу маалымат бере кетсеңиз.  Бул сынакка кандайча катышып калдыңыз эле? —  “Айыл ажары “ … Читать далее

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Учкундун 5классынан бери ыр жазган жаш акын

Учкун айылынын Э.Токсобаев орто мектебинин 10б классынын окуучусу Айканыш Адил кызы 5классынан бери ыр жазат. Айканыштын азыркы убакта 40тан ашуун ырлары бар.  Айканышка бул ыр жазуу өнөрүңүз кайдан пайда болду? деген сурообузга төмөнкүчө жооп берди:»Мен 5класс кезимде класс жетекчибиз апалар … Читать далее

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Учкун: Спорт аянтчасынын оңдолбогонунан окуучулар аргасыздан баткакта ойношууда

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Э.Токсобаев атындагы орто мектеби 2010-жылы ишке берилген. Бирок 4-жылдан бери окуучулар спорт аянтчасынын жоктугунан баткакта ойношууда. Бул туурасында мектеп директору Арзыгүл Шеримбекова: «Мектептин мурунку директору хоккей жана футбол аянтчасын курууну пландаштырып, бирок кызматтан кетип калган. … Читать далее

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий