Архив за месяц: Май 2017

Эшбай Токсобаев мектебинин кабарчылары смартфон утушту

Нарын районуна карштуу Учкун айылынын Токсобаев орто мектебинин кабарчылары 4-май күнү “смартфон сынагынын” жеңичүүлөрү болуп, смартфон өз ээлерин тапты. Жеңичүүлөр KLOOP.KG медиа парталынын сынагына катышышкан. Смартфондун баасы 200доллардын тегерегинде. Аталган сынакка дээрлик бардык окуучулар катышкан. Аладын ичинен Эшбай Токсобаев мектебинин … Читать далее

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Учкун: Ээр чапкан Жолдош Мусаев

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Жолдош Мусаев ээр чаап, жыгач устачылыгы менен алектенет. Анын өнөрканасына баш багып, маектешип келдик.

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Учкундун «Нур баян» тобу республикалык «Манас таануу» таймашында баш байгени багынтты

Эшбай Токсобаев орто мектебинин окучулары 18-апрелде «Манас таануу» сынагынан баш байгени багындырып келишти. «Нур баян» тобунун жетектеген кыргыз тил жана адабият мугалими Мира Жумагулова менен маек курдук. Республикалык сынакта канча команда катышты? — Бардыгы 30 команда катышты. Сиздерде баш байгени … Читать далее

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Учкун айылынын кампасы курулганына 40 жылга жакын убакыт болду

Нарын районуна каршатуу Учкун айылындагы кампа 37 жыл мурда салынган. Бул туурасында колхоз таркаганга чейин кампада көп жыл иштеген Эркинбек Карынбаев менен маек курдук. Саламатсызбы? Кампа качан салынган жана ал убактан бери кандай иштеп жатат? — Кампа 1980-жылдары салынган. Мен … Читать далее

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Германияга барып келди

Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Касымакун Мамырбаев билимин өркүндөтүү жана тажрыйба алмашуу максатында апрелдин 22синен 29уна чейин Германияга барып келди. Касымакун Мамырбаев 2017-жылдын башында айыл өкмөт башчысы болуп шайланган. Ал ушул жылдын апрель айынын 22синен 29уна чейин Германия … Читать далее

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Учкунда кийим тигүү цехи ачылды

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну 13-мартта жумушсуз айымдарды иш менен камсыз кылып, кийим тигүүчү цех ачты. Учурда цехте алты жумушчу иштеп жатат.Цехти айыл тургуну Гүлнура Жунушалиева ачкан. Ал керектүү материалдарды Бишкек шаарынан алып келээрин айтат. Жумушчулар бычылып келген кийимдерди … Читать далее

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Учкунда тургундардын демилгеси менен көчөлөр оңдолууда

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын ички көчөлөрүн оңдоо 2016-жылы башталып, учурда көчөлөрдүн жарымы оңдолду. Көчөлөрдү оңдоого тургундар өзүлөрү акча чогултушуп, иштеген акысына ПРООНдун Азык-түлүк программасы менен ун, май азыктары берилип жатат. Айыл башчы Жумакадыр Исмаиловдун айтымында, келген азыктар жетишүүсү начар үй-бүлөлөрдүн иштеген … Читать далее

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Учкундагы чечилбеген таштанды маселеси

Нарын районуна караштуу Учкун айылында көптөн бери таштанды маселеси чечилбей келет. Себеби таштанды төгүү үчүн айылдын батыш тарабынан 20 км алыстыктагы атайын жер бөлүнүп берилген. Бирок ал жер алыс болгондуктан тургундар тыюу салынган жерлерге таштандыларды төгүшүүдө. Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин … Читать далее

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Учкундун тургундары таза сууга 15 миң сомдон чогултуп жатышат

Нарын районуна каршаштуу Учкун айылында көптөн бери таза суу маселеси чечилбей келген. Таза сууну Тоок сарай участкасынан тартып келүү үчүн жалпы 4,5 млн сом керек болгондуктан, ар бир тургундан 15 миң сом акча каражаты чогултулууда. Бул туурасында 29-апрелде элдик жыйналыш … Читать далее

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Учкун айылынын алты окуучусу түрк лицейине кабыл алынышты

Эшбай Токсобаев мектебинин 6-классынан алты окуучу тестирлөөнүн негизинде кыргыз-түрк лицейине кабыл алынышты. Тестирлөөгө Учкун айылынан жалпы 13 окуучу барып, алардын ичинен 2-баскычка жети окуучу өтүшкөн. Биринчи баскыч 11-апрелде Нарын районунун Куланак айылында өтсө, 2-баскыч Нарын шаарындагы Муратбек Субакожоев атындагы Нарын … Читать далее

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий