Архив за месяц: Март 2018

Айылдагы  тазалоо иштерине  чыккан жаш балдар жана мугалимдер      

Нарын облусунун Учкун айылынын Э.Токсобаев мектебинин жалпы жамааты бүгүн ишембиликке чыгышты. Он бештей мугалим келип мектептин айланасын тазалашты . 25 -мартта   Карымшаков  көчөсүндө да кичине балдар-кыздар  өзүлөрүнүн каалоосу менен тазалоо ишин жүргүзүштү.

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Учкун айылында Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы өттү

Нарын районуна карштуу Учкун айылында  Бүткүл дүйнөлүк акча апталыгы (Global Money Week-2018) деген долбоорго катышууга мүмкүнчүлүк алып, 2018-жылдын бюджети, 2014-2017-жылдар аралыгындагы иштер боюнча отчёт берилди. Чогулушка жалпысынан 300 гө чукул ата-энелер жаа окуучулар катышты.

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Учкункун айылынын 8-классынын окуучусу отун жарган шайман жазады

Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин  окуучусу Бекмырза Нурлан уулу электр тогу менен отун жаруучу шайман жазады. Отун жарган шайман менен   “ Интелектуалдуу окуучу ”  сынагына катышып өрөндук, райондук, облустан  1-2-орундарды алды.

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Учкун: 6-классынын окуучусу манасты бир жашынан баштап айтып келет

Нарын районуна караштуу Учкун  айылынын Э.Токсобаев орто мектебинин 6-классынын окуучусу Камчыбек Бактыбек уулу бир жашынан бери манас айтып келет. Камчыбек өзгөчө үнү, кыймылдары менен атаандаштарынан айырмаланып бир катар сыйлыктарга жетишкен.

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Учкун: Чынылардын жардамы менен музыка чыгарган айым

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы  Э.Токсобаев мектебинин физика мугалими Рахат Бозгунчиева кадимки чай ичкен чынылардын жардамы менен музыка чыгарат. Бул ой үй жумуштарын кылып, чынылардан чыккан үндөн улам пайда болгон.

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

«Гүл баян» тобу областтык деңгээлдеги»Манас Таануу» таймашынан баш байгени алышты

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Э.Токсобаев мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими Гүлмира Жумагулова 6 жылдан бери окуучуларды «Манас Таануу» интеллектуалдык таймашына даярдап келет. 24-мартта «Гүл баян» аттуу топ областтык таймаштан баш байгени багынтышты.

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий