Нарындын Учкун айылынын жашоочулары чорголордон чыккан суунун курамы таза эмес деп ойлошот. Анткени айылда бөйрөк жана өтү ооруган адамдар көбөйгөнүн айтышат. Суунун сапатына кооптонгон эл аны лабораторияга текшерткен — жыйынтыгы суунун «ичүүгө жараксыз» экендигин көрсөткөн.

Учкун айылы Нарын шаарынан 60 километр алыстыкта жайгашкан. Анда 600дөн ашуун үй-бүлө жашайт. Айылга «Таза суу» долбоорунун алкагында 2005-жылы Кара-Булуң булагынан суу тартылган. Суунун көлөмү аз болгондуктан бир күндө 2 саатка эле чыгат. Ушул маалда суу алууга жетишпей калган тургундар алыскы булактардан же сай суусунан ичүүгө аргасыз болушат. Суунун маал-маалы менен гана чыгышы башкы көйгөй эмес. Элеттиктерди андан да суунун сапаты тынчсыздандырат.

«Айылда бөйрөгү ооругандар көбөйдү»

Учкундун жашоочуларынын бири Майрамкүл Мүдүнова бир нече жыл мурун бөйрөк оорусуна чалдыккан. Мунун себебин ал суунун курамы менен байланыштырат.

«Баламдын да, жолдошумдун да бөйрөгү ооруйт. Өткөн жылы өтүмөн да операция болгом. Буга чейин төрт кошунам ушундай эле операцияны башынан кечирди. Мындай болушу кокустук эмес да», — деди ал.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, айылга келген коноктор алгач эле суунун даамы менен жыты башкача экенин байкашат. Ал эми суу бир күн бою туруп калса идиштин түбү балырланып баштайт.

«Доктурлар деле бөйрөк оорумдун себебин ичкен сууңуздан жана жеген тамагыңыздан деп айтышты. Тамагыбыз деле ошол сууга даярдалат да», — деди шаарда даарыланып жаткан тургундардын бири Токтокан Барыктабасова.

Учкундун дагы бир жашоочусу Бекиш Ногойбаев айрым чорголордон суу чыкпагандыктан, тургундар айылды аралап өткөн сай суусунан пайдаланып жатышканын айтат.

«Суу болгону эки эле жерден агат. Кээде таптакыр эле чыкпай калат. Бул учурда сууну Бөйрөк-Булак деген булактан ташып ичебиз. Кээ бирлери сайдын суусунан ичишет, андан мал да ичет», — деди ал.

«Элди сууну кайнатып ичүүгө чакырабыз»

Айылдык дарыгер Замира Базарбаева жашоочулар бөйрөк оорулары менен көбүрөөк жабыркап баштаганын ырастады. Ал белгилегендей, 2018-жылы ооруканага 150дөн ашуун адам кайрылган, бирок алардын канчасы бөйрөк оорусуна даттанышканын так айта алган жок. Базарбаева адамдардын ден соолугуна суунун сапаты да таасир этишин четке какпайт.

«Чындыгында суунун сапаты начар. Дарыгер катары [элди] сууну кайнатып ичүүгө чакырабыз. Анткени сууну кайнатканда чөкмөлөр абдан көп чыгат. Чайнектин ичин эки күндүн ичинде эле катмарланган ак күйүк басып калат. Сууну кайнатпай ичкенде ушулардын баары организмде топтолот да», — деди ал.

Мындан тышкары, дарыгер адамдардын тиштеринде таш топтолуп жатканы жана бузулуусу да суунун курамына байланыштуу дейт.

«Тиш дарыгери менен бирге жашоочулардын тиштерин текшергенбиз. Жаш балдардын да, орто жаштагы адамдардын да тиштеринин түбү бошоп, таш пайда болуп, саргарып, эмальдары начарлап кеткен экен. Ошондо тиш дарыгер сууңарда маселе бар окшойт деп айткан болчу», — деди ал.

«Суу “ичүүгө жараксыз” деп табылган»

Коңшу Куланак айылындагы №86 кесиптик лицейде мугалим болуп иштеген Учкундун тургуну Садыбакун Шерматов 2017-жылы суунун сапатын текшерүү үчүн Кара-Булуң булагынын суусун Бишкектеги аккредитацияланган лабораториялардын биринен текшерткен. Анализдин жыйынтыгы суунун курамында органикалык жана органикалык эмес заттардын бөлүкчөлөрү 1 мг/л өлчөмүндө кармалганын көрсөтүп, суу ичүүгө жараксыз деп чыккан. Стандарт боюнча аталган заттар суунун курамында болбошу керек экен.

«Суунун долбоорун ишке ашырууда көп мүчүлүштүктөр кеткен. Анткени экспертизага башка кошуна айылдын суусун жөнөтүп, таза деп чыгартып коюшкан. Бул маселе боюнча айыл өкмөткө арыз менен кайрылганбыз. Бирок маселе жогорку жактагы бийлик органдарына жетпей жабылып келет. Анткени өкмөттөгүлөрдүн да бул ишке катыштыгы бар болушу мүмкүн», — деген мугалим суунун экспертизасын өз чөнтөгүнөн 20 миң сомго жасаткан.

Ушундай эле экспертизаны Учкунда туулуп-өсүп Бишкекке көчүп кеткен Райымбек Абдылдаев да жасаткан. Ал үч булактын суусун текшерткен.

«Жыйынтык 2017-жылдын 2-октябрында чыкты. Буугантал, Кара-Булуң жана Кош-Булакты текшерттим. Үчүнчүсү гана ичүүгө жарактуу болуп чыккан, эл ичип жаткан суу “ичүүгө жараксыз” деп табылган», — деди Абдылдаев.

Ал эми облустук санитардык-эпидемиологиялык станциянын башчысы Сайра Баялиева жергиликтүү жашоочулардын суу боюнча кооптонуулары негизсиз дейт. Ал суу санэпидем тарабынан көзөмөлдө турганын жана ичүүгө жарактуу болгонун айтат.

«2005-жылдан берки маалыматтар жок. Андан бери лаборатория жаңыланды. 2018-жылы барып ичкен сууларын алып келип текшерип бердик. Химиялык жана бактериялык анализ 12 көрсөткүч боюнча жасалган, талаптарга жооп берет деп чыккан», — деп түшүндүрдү ал.

«Суу маселеси 2020-жылы чечилет»

«Таза суу» долбоору ишке ашып жатканда айылдын башчысы болуп турган Темирбек Мадылканов суу чыгараарда Кара-Булуң булагы текшерилгенин жана ал ичүүгө жарактуу деп табылганын белгилейт. Бирок кайнатып ичкиле деген талабы бар болчу дейт ал.

«”Акчасын жеп алды, башка сууну экспертизага берди” деген сөздөр жалган. Бирок долбоордун бир кемчилиги болгон. Ал ичке түтүк менен чыгарылып калган. Ошол себептен суунун басымы төмөн», — деп билдирди Мадылканов.

 

Анын маалыматы боюнча, долбоорду ишке ашырууга жалпы 5 млн 300 миң сом жумшалган.

Нарын районунун акиминин биринчи орун басары Жаныш Ибраимакун уулу Учкун айылында суу маселеси бар экенин ырастайт. Ал аталган көйгөй 2020-жылы чечилет деп ишендирет.

«Дүнөлүк банктын долбоору менен айылга таза суу киргизилген. Учурда булактагы суунун көлөмү азайып калгандыктан, суунун басымы начарлап, анын курамы дагы талапка жооп бербейт. Маселени чечүү боюнча иштер 2020-жылдын жаз айыларында башталат», — деп убадалайт Ибраимакун уулу.

Даярдаган: Найзабек Мукамбетов

 

Leave a Reply

Your email address will not be published.